www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев ай сайын колуна 100 миң сом аларын журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, министрдин орун басарлары бардык кошумча төлөмдөрдү жана эмгек стажына байланыштуу үстөктөрдү кошкондо, колуна болжол менен 70 миң сом алышат.
- Мамлекеттик органдарда мамлекеттик кызматкерлерди стимулдаштыруу фонду бар. Ал фонддон ай сайын кызматтык маянанын болжол менен 50 пайызы өлчөмүндө кошумча үстөк алабыз.
Ошентип, бардык кошумча төлөмдөрдү кошкондо менин айлыгым болжол менен 100 миң сомду түзөт, - деди Мирбек Мамбеталиев.
Ал ошондой эле акыркы жолу айлык акылар жогорулатылгандан кийин, маданият тармагындагы кызматкерлердин эң төмөнкү айлыгы 33 миң сомду түзөрүн кошумчалады.