www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимов эч жакка кетпөө тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу абагынан бошотулду. Ал Октябрь райондук сотунун судьясынын токтомунун негизинде 22-мартта чыкканын Бишкек шаардык соту кабарлады.

Ушул эле сот февралдын башында Салимовду тергөө абагында кармоо мөөнөтүн 4-апрелге чейин узарткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунтай Салимовду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишине байланыштуу 20 адам менен чогуу кармаганын былтыр 10-ноябрда билдирген.

Атайын кызмат ага “узак убакыт бою криминалдык чөйрөнүн мурдагы жана азыркы башчылары менен тыгыз байланышта болуп, алардын мыйзамсыз каржылык активдерин көбөйтүп турган, Камчы Көлбаев аркылуу атаандаштарын коркутуп-үркүтүп, алардын активдерине жана бизнес долбоорлоруна ээлик кылып жүргөн” деген айып койгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топко катышуу” беренеси менен айып тагылган.

67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы (2010-2015-жылдары) депутаты болгон. Бишкектеги “Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин “анын уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар жана анын арам акчасын адалдаган” деген айып менен ондогон киши кармалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости