www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовдун абактагы мөөнөтүн 4-февралга чейин узартты. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, анын бөгөт чарасы жакында каралган.

9-октябрда Салимовго “Уюшкан топко катышуу” деген айып тагылып, ошол эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 4-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган. 67 жаштагы Салимов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын (2010-2015-жылдары) депутаты болгон. Бишкектеги “Мадина” базарын ал 1990-жылдардын башында түптөгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости