www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги 30 жылдан ашык иштеп келген «Мадина» базары 1-августтан тарта реконструкцияга жабылат. Соодагерлерге базардын жанына курулган жаңы жайларга көчүү сунушталган.
Ишкерлер жаңы орундардын баасы кымбат экенин айтып, 1 чарчы метри болжол менен 3000 долларга бааланып жатканын билдиришти. Алар насыяга батып калуудан кооптонуп, шарттарды жакшыртууну жана жеңилдиктерди берүүнү суранышууда.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев ишкерлер менен жолугуп, маселени чечүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн айтты. Комиссия соодагерлердин сунуштарын карап, акыркы чечим чыгармакчы.