www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаров камакта калтырылды

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча 8-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда судья аны үй камагына чыгаруу боюнча адвокаттарынын өтүнүчүн карап, канааттандырган жок.  «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  Мадумаровду камакта калтырууга негиз жок болчу. Жогорку Кеңештин 75 эл өкүлү Мадумаровго ишенсе болот деп үй камагына чыгаруу өтүнүчүн беришкен. Ден соолугунун абалына карабастан Биринчи Май райондук соту 9-февралга чейин абакта калтырды.

Адахан Мадумаровдун адвокаты Гуляна Убалиева судья Мирбек Сатарбек уулу Жогорку Кеңештин 75 депутаты кол коюп берген өтүнүчтү эске албаганын айтты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости