www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаров менен Ташиевдин протоколдору. Кимдики туура?

«Сизде согуш менен абийирсиздиктин ортосунда тандоо бар болчу.

Сиз абийирсиздикти тандадыңыз, эми согушасыз».

В. Черчилль

Мен оз макаламды суроолордон баштагым келет:

1. Эмне үчүн Кыргызстандын жер маселеси жана чек арасын өзгөртүү жалпы элдик референдумда эмес, С.Жапаров менен К.Ташиев тарабынан гана чечилиш керек. Биз мындай опузаны башыбыздан өткөрдүк-ко. Бийлик кыргыз жеринин тагдырын кошого артында бычып Үзөңгү-Кууш, Хан-Теңири, Каркыра, Кексай, Токмак жана башка тилкелер ЖК кош колдоп откоруп бербеди беле.

2. Эмне үчүн бугун дагы ошондой? Эмне үчүн мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр делегациянын башчысы, (УКМКнын жетекчиси Камчыбек ТАШИЕВ) кана чечет?

3. Эмне үчүн бардык жыйындар жабык эшик артында өткөрүлөт? Эмне үчүн N39 протоколду тажик тарап биринчи чыгарат? Ташиев менен Жапаров элинен эмнени жашырып журот?

4. Тажикстандын атайын кызматы тарабынан Ташиевге пара берилбеген, купуялар сатылюаган, кызматташуга мажбурланбаган, шантажга кабылбаган деген кепилдиктер кайда? РТ өзүнүн шарттарын Ташиевге жуктоп, ал аргасыз макул болуп жатпайбы?

5. Эмне үчүн Ташиев менен Жапаров 1924-жылдагы архивдик карталар боюнча N 39 протоколду макулдашты? Эмнеге С.ЖАПАРОВ - ТАШИЕВГЕ тажик тараптын шарттары менен иштөөгө макул болду?

6. Эмне үчүн Тажикстан менен чек ара маселеси 1991-жылдагы (СССР тараган мезгилде) карталар боюнча чечилбейт. Эмнеге биз Россияны арбитр катары, СССРдин укуктук мураскери катары чакырбайбыз, анткени КР менен РТ ОДКБ-н – бирдиктүү аскердик-саясий мүчөлөрү-да? Же ОДКБ ичиндеги аскерий провокациялардан пайда табабы?

7. Эмне үчүн биз 1991-жылдагы Алма-Ата декларациясына таянбайбыз?

2009. Мадумаров протоколу.

03.03.2009 жылы Мадумаров 30-дай адам менен Баткен районунун Самаркандек айылына барат. (Бул чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча КР кызыкчылыгын коргогон комиссия болчу). Демек, Мадумаров ошол комиссиянын корутундусунун негизинде өз чечимин чыгарган.

Бирок КР эксперттери ал кезде 275 метр жерди кыргыздыкы деп аныктай алышкан эместей. Жыйынтыгында Мадумаров жерди убактылуу ижара келишимине кол койгон. (275 метрлик протоколдо 30-40 сотых жер жөнүндө сөз болуп жатат).

Анан дыгы КР Өкмөттүк комиссиясынын курамы тынымсыз алмашып тургандыктан, көпчүлүк адистердин даярдыгы төмөн болгон. Ошондуктан, алар документтер боюнча «Төрт Көчө» тилкеси КР таандык экенин (же алардан пара алып мажбурланганбы), кыскасы далилдей алышкан эмес...

Бүгүнкү күндө Кыргызстан бул жерди ижара катары пайдаланып жатат. Буга чейин Көк-Таш жолу жо кезде биздин жарандар тажиктердин Чорку жана Сурх айылдары аркылуу 7-8 чакырым аралыкты басып өтүп, кемсинткен текшерүүлөргө дуушар болушкан. Ошондо Мадумаровдун чечими убактылуу, жарым-жартылай болсо да оптимисттик көрүнгөн.

Шилтеме: (Протоколго ылайык, «Эгерде келечекте кыргыз тарап ал жердин ага таандык экенин далилдей турган болсо, анда бул жер толугу менен Кыргызстанга өтүп, эки тараптуу комиссиянын мүчөлөрү акыркы чекиттен чыгышат).

Бирок, жылдар өткөн сайын Мадумаров протоколу мезгил-мезгили менен түтөп жарылайын деген бомба экени белгилүү болду.

2021. Ташиев протоколу.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын апрель-майдагы 3 күндүк Баткен согушунан кийин Ташиев 2021-жылдын 5-январында № 39 протоколго кол коюп, Ворухка коридор куруу боюнча макулдашкан экен. (Бул жерде 10 км жер эмес, б.а. болжол менен 10-15 гектар жер жөнүндө сөз жатат).

Шилтеме:

(В Протоколе № 39, подписанном Ташиевым, использовались карты 1924-1927 и 1989 гг. Напомним, что Таджикская АССР была образована 14 октября 1924 г. в составе Узбекской ССР, а 16 октября 1929 г. как отдельная Таджикская ССР она вошла в состав СССР декабрда).

Эми чечмелейли:

•Тажик тарап эң пайдалуу документтерди колдонду.

• Экс-президент А.АТАМБАЕВдин айтымында, бул чоң жаңылыштык. 1924-жылдагы карталарда таянсак, анда Кыргызстан чоң жоготууларга кептелет.

Ошондуктан жаны суроо туулат:

- Эмнеге С.Жапаров жана К.Ташиев тажик тарапты ээрчиди?

Аскердик эксперттердин айтымында:

1. Ворухка жаңы жол курулгандан кийин Кыргызстан Аксай дарыясынын суу ресурстарына болгон укугун жана көзөмөлүн жоготот.

2. Жол коридорго айланган сон, Кыргызстан чек ара көзөмөлүнөн ажырайт.

3. Аксай жана башка кыргыз айылдары автоматтык түрдө анклавга айланат, андан кийин бүтүндөй Лейлек району жана Баткен районунун 6 айылы бирдиктуу Тажикстандын ичинде калат.

4. ЖАПАРОВ менен ТАШИЕВ-н кийин келген жетекчилер бул тилкелерди эч чече албайт — эгерде тажиктер жолду Чоркудан Ворухка чейин тосушса, айлабыз жок болот.

5. Кыргызстан Ворухту айланып өтө албайт, анткени Ворухтун сырты аска-зоолор - жол курууга болбойт, экономикабыз ото чабал.

PS.

Бир сөз менен айтканда, Мадумаровдун протоколу башы - Ташиев протоколу куйругу болду. Ошону менен Баткен аймагынын жарымы кыркылып Тажикистандын ичиндеги анклавка айланып калышы толук мумкун. Булар болсо бири-бирин чыккынчы деп отурушат.

Турат Акимов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости