www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаров президенттикке бара алабы?

Белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров 2027-жылы өтө турчу президенттик шайлоого катыша алабы деген суроого коомчулук кызыкдар болуп турган чагы. Дегенибиз ага карата талаштуу жагдай бар.

Тактап айтканда, Мадумаров боюнча Биринчи Май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирип, 26-апрелде БШК анын депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 338-беренесинин 3-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза дайындалган эмес. 

Бул жерде маанилүү нюанс, «жаза алган эмес» деген факт «соттолгон эмес» дегенди билдирбейт. БШКнын азыркы эрежесинде соттуулугу бар адамдар президенттикке талапкер боло албай турганы түз көрсөтүлгөн. Мындан тышкары талапкер документтеринде соттуулугу тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү, ал маалымат укук коргоо органдары аркылуу текшерилет. 

Ошондуктан азыркы укуктук абалы өзгөрбөсө, Мадумаровдун 2027-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары катталышы мүмкүн эмес деген тыянак чыгарууга негиз бар. Акыркы чечимди, албетте, шайлоо процессинде БШК кабыл алат жана ал соттук тартипте талаш жаратышы мүмкүн.

Эгер юридикалык тоскоолдук жаралбаса, Адахан Мадумаров кыргыз саясатындагы тажрыйбалуу оппозициялык фигуралардын бири катары, шайлоодо негизги атаандаш Садыр Жапаровго кыйла эле ыңгайсыздык жаратат. Анын негизги өзгөчөлүгү катары, ар дайым сынчыл көз карашты карманып келе жатканын айтсак болот. Бирок саясий колдоосу боюнча акыркы сурамжылоолор аны азырынча фаворит катары көрсөтпөйт.

Последние новости