www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө даттанып андан жогорку инстанцияга — Бишкек шаардык сотуна кайрылган жок. Бул тууралуу маалыматты жактоочусу Юлия Богданова ырастады.

Анын айтымында, бул эл өкүлүнүн чечими.

«Анын калоосу, башка комментарий бере албайм. Мыйзам боюнча бүгүн-эртең абактан бошотулушу керек», — дейт жактоочу.

Белгилей кетсек, 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жана бийликтен аша чабуу  айыбы менен күнөөлүү деп тапты. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза берилген жок.

Мадумаров андан ары даттанбай, соттун өкүмүнө макул болсо, ал депутаттык мандатынан айрылат.

Саясатчы 2023-жылдын сентябрь айында кармалган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости