www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясы жайгашкан мекеменин алдында журналист Жоодар Бузумовго тилектештигин билгизген митинг өттү. Журналист Бузумовдун өзү ал жакта болгон жок. Анын парламентте сюжет даярдап жүргөнү айтылды.
Чогулган ондон ашык журналисттин ичинен үчөө-төртөөсү Адахан Мадумаровго нааразылыктарын айтты. Ал эми Журналистер коомдук бирикмесинин башчысы Марс Тулегенов, журналист менен саясатчынын ортосунда болгон пикир келишпестикке саресеп салды.
- Убагында биздин дагы мындай башыбыздан өткөн. Бирок, журналист болгондон кийин калыс болуш керек. Ошол жерден болгон маалыматты алып, эгер “чыгып кет” десе акырын чыгып кетиши керек эле. Анан барып алып, “Мадумаров бизди чакырган. Бирок, суроолорубузга түз жооп бербей кыр көрсөттү” деген мааниде материал жарыялаш керек болучу, -деди Тулегенов.
Эске сала кетсек, кечээ, 18-сентябрда саясатчы Адахан Мадумаров өткөргөн маалымат жыйында, анын тарапташы “Некст Тв” каналынын журналистин сыртка сүйрөп чыккан. Мунун себебин журналист берилген суроосуна жооп ала албагандыгын айтса, саясатчы өзүн “каралоо компаниясы” катуу даярдыкта келгенин айткан.
Булак: NazarNews.kg