www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту журналисттер Махабат Тажибек кызы жана Актилек Капаров боюнча Биринчи Май райондук сотунун 12-марттагы чечимин күчүндө калтырды. Алар 13-майга чейин камакта болот.

Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матсаков журналистке карата бөгөт чаранын жаңы түрүн - электрондук көзөмөлдү колдонуп, сот залынан бошотууну суранды. Ал муну Капаровдун туруктуу жашаган жери, жумушу бар экендиги менен негиздеди. Ал эми отурумга катышып жаткан прокурор Капаров айыпталган иште шектүүлөр көп экенин, ал тергөөнүн жүрүшүнө таасир этиши мүмкүн экенин, андыктан бөгөт чарасынын өзгөртүлүшүнө макул эместигин билдирди.

Бишкек шаар соту 1-апрелде журналист Жоодар Бузумовдун да бөгөт чарасы боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Шаардык сот 27-мартта Максат Тажибек уулу, Тыныстан Асыпбеков жана Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын карап, мурдагысын өзгөрткөн эмес. 29-мартта Айке Бейшекееваны камакта калтырган.

12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулун, Махабат Тажибек кызын, кабарчысы Айке Бейшекееваны, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиевди, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровду, “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековду 13-майга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырган.

Редакция кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тууралуу тилкат менен абактан чыккан. Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

Камактагылардын адвокаттары шаардык сотко апелляциялык арыз берген.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости