www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси, эки жылдан ашуун убактан бери камакта жаткан Махабат Тажибек кызы бүгүн 23-мартта Ленин райондук сотунун чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде үй камагына чыкты.
Ишти караган судья Темирбек Маматов журналисттин адвокатынын башка өтүнүчтөрүн канааттандырган жок. Мамлекеттик айыптоо Махабат Тажибек кызынын бөгөт чарасын өзгөртүүгө макулдугун берип, адвокаттын башка өтүнүчтөрүнө каршы болду.
Адвокат Асел Аргымбаева Махабат Тажибек кызынын сот ишиндеги экспертизаларды иштин материалдарынан алып салуу, ал экспертиза корутундуларын кылмыш ишинен жокко чыгаруу, бөгөт чарасын өзгөртүү жана аны токтоосуз бошотуу тууралуу өтүнүч келтирилген. Адвокат экспертизалардын корутундулары мыйзам бузуу менен таанылган деп эсептейт.
Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, алар менен мурда-кийин кызматташкан деген 11 журналист жана активистти Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2024-жылы январь айында кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.
Бул иш боюнча Бишкектин Ленин райондук соту 2024-жылы 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 2024-жылдын 18-декабрында бул өкүмдү ырастаган чечимин чыгарган. Жогорку сот аны 2025-жылдын 25-февралында күчүндө калтырган. Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы берилген. Калган жети адам акталган.
Ал эми Азамат Ишенбеков 2025-жылы апрель айында президенттин ырайымы менен эркиндикке чыккан.
Эки жылдан бери абакта отурган Махабат Тажибек кызы менен Temirov LIVE долбоорунун негиздөөчүсү, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун өспүрүм уулу азыр таенесинин колунда.