www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын грек-рим балбандары Польшанын борбору Варшавада өтө турган Poland Open мелдешине катышат. Бул тууралуу  Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 19-23-июнда өтөт. Ага өлкө атынан 5 спортчу катышат: Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг).

Белгилей кетсек, Шаршенбеков, Махмудов, Исмаилов жана Жусупбеков үчүн бул мелдеш Олимпиада алдындагы турнир болот.

Грек-рим балбандары турнирге башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев жана улук машыктыруучу Улукбек Карачолоковдун жетекчилиги алдында барат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости