www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Махр – бул никенин талабы катары жигиттин кызга берүүсү зарыл малмүлк каражаты. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
Кыздын махр-калыңы ата-энесине эмес, өзүнө берилет. Кыздын калыңын кымбат баалуу зергердик жасалгалардан, акча, кийим ж.б. нерселерден берүүгө болот. Негизи махрдын өлчөмү никеге чейин белгилениши керек. Себеби ал нике талаптарынын бири. Ошентсе да, махр белгиленбестен кыйылган нике жарактуу болуп эсептелет. Мындай учурда махр белгиленип төлөнүшү кажет. Махр белгиленген соң аял киши өз ыраазылыгы менен белгиленген өлчөмдү төмөндөтүүгө да, толугу менен күйөөсүнө багыштап жиберүүгө да укуктуу. Бул багытта аяттардын биринде төмөнкүчө буюрулат:
«Баш кошкон аялыңарга махр-калыңын чын дилден бергиле. Эгер алар калыңдын кайсы бир бөлүгүн өз ыраазылыгы менен силерге багыштаса, анда аны алсаңар болот…» (Ниса 4).
Махр жана калың бир эле нерсе. Махр жөнүндө Куранда жана Ханафий мазхабында бар. Ал бизде калың деп эсептелет.
Махрдын өлчөмү убакытка, шартка жараша өзгөрүшү мүмкүн. Махрдын эң жогорку чеги белгиленген эмес. Имам Азам мазхабынын аалымдары сахабалардан өрнөк алып, махрдын эң төмөнкү чеги эки койдун баасы болушу керек, дешет. Бирок бул багытта Куран жана сүннөттө ачык-айкын буйрук жок.
Белгилей кетскек, бир канча күндөн бери интернет желесинде турмушка чыгып жаткан келиндин нике кыюу учурунда махрга акыркы үлгүдөгү уюлдук телефон сураган видеосу талкууланып жатат. Социалдык тармактын колдонуучулары арасында махр жөнүндө ар кандай пикирлер айтылууда.
Булак: NazarNews.kg