www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы социалдык тармактарга чыккан «МАИ кызматкерлеринин пара алганы» тартылган видео боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, учурда тарап жаткан видео эски болуп саналат. Ал быйыл 24-февралда Азамат Ормокеев аттуу жарандык активисттин «Инстаграмдагы» баракчасына чыккан.

«Ошол учурда эле, бул кызматкерлерге карата ИИМдин Ички ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп, бардык топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн Сокулук районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн»,— деп айтылат маалыматта.

Аталган башкармалык жарандарды жана жарандык активисттерди такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат.

«Биз баарына ачыкпыз. Эгерде мыйзамга каршы терс көрүнүштөр болсо, биздин расмий баракчага фото-видео материал менен түз жөнөтүңүздөр. Баарына кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүлүп, жооптору берилет. Өздүк курам арасында тазалануу каттуу жүрүүдө. Эч кимди аяп кароо, коргоо деген жок», — деп билдирет ЖКККББ.

Последние новости