www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майлуу-Суу милициясы 10 килограммдан ашуун баӊгизатын аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан “Кара куурай” ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Майлуу-Суу шаарынын аймагында 2 кылмыш ишинин бети ачылган. 

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Майлуу-Суу шаарынын аймагында 2 жаран мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүргөндүгү боюнча маалыматтар алынган.

Бул фактылар Майлуу-Суу ШИИБинин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 282-283-беренесинин негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. 

Майлуу-Суу ШИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын тургундары 1971-жылы туулган К.А. жана 1989-жылы туулган И.И. кармалып, алардан жалпы салмагы 10 килограммдан ашуун баӊгизаты алынган. Жүргүзүлгөн соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган зат марихуана баңгизаты экендиги аныкталган. 

Кармалган жарандар Майлуу-Суу ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости