www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маймыл чечеги: АКШ өзгөчө кырдаал жарыялады

АКШ маймыл чечегине байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу Deutsche Welle агенттиги АКШнын саламаттыкты сактоо жана калкты тейлөө министри Хавьер Бесеррага таянып билдирди.

"Биз вируска каршы жоопту кийинки деңгээлге көтөрүүгө даярбыз жана ар бир америкалыкты маймыл чечегине олуттуу мамиле кылууга үндөйбүз", -  деди ал брифингинде.

Коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдын жарыяланышы өлкө бийлигине оору менен күрөшүү үчүн кошумча каражат жана адистерди тартууга мүмкүндүк берет. Буга чейин маймыл оорусуна байланыштуу өзгөчө кырдаал Нью-Йорк, Калифорния жана Иллинойс штаттарында киргизилген.

Америка Кошмо Штаттары маймыл оорусуна чалдыккандардын саны эң көп катталган өлкө. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча федералдык борборлорунун (CDC) маалыматы боюнча, өлкөдө 7,000ге жакын учур катталган.

Июль айында ДСУ маймыл оорусунун жайылышын эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Маймыл чечеги – Борбордук жана Батыш Африканын алыскы аймактарында кеңири таралган сейрек кездешүүчү жугуштуу оору. Анын белгилери - жүрөк айлануу, ысытма, исиркектер, кычышуу жана булчуңдардын оорушу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости