www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маймыл чечеги Азия өлкөлөрүнүн биринде аныкталды

Маймыл чечек оорусунун биринчи учуру Жапонияда катталган. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо, эмгек жана бакубаттуулук министрлиги билдирди.

Токиодон келген 30 жаштагы киши маймыл оорусун жуктуруп алганы айтылууда.

Буга байланыштуу өлкөдө инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча ыкчам чаралар көрүлө баштады. Тактап айтканда, анализдерди, вакциналарды жана дарыларды даярдоо иштери башталды.

Жапониянын Тышкы иштер министрлиги маймыл оорусунун жайылышынан улам жапон элин чет өлкөгө чыгууда этият болууга чакырды. Башкача айтканда, чет өлкөгө чыгууну пландап жаткан же чет өлкөгө чыгып жаткан жарандар этият болушу керек, бирок саякатка эч кандай чектөөлөр жок.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 75 өлкөдө жана аймактарда 16 миңден ашуун адам маймыл чечек вирусун жуктуруп, бешөө каза болгон.

Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейюс маймыл оорусунун эпидемиясын эл аралык өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Белгилей кетсек, маймыл чечеги сейрек кездешүүчү вирустук оору, ал негизинен жапайы жаныбарлардан адамдарга жугат. Симптомдору: дене табынын көтөрүлүшү, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездери шишип, чыйрыгуу жана чарчоо.

Тери исиркектери бетинде жана дененин башка бөлүктөрүндө да пайда болушу мүмкүн.

ДСУнун маалыматы боюнча, маймыл чечек оорусунан өлүмдүн деңгээли, адатта, 1 пайыздан 10 пайызга чейин, өлүмдүн көбү жаш курактагы топтордо кездешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости