www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде маймыл чечек оорусу катталган жок. Бул тууралуу   Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаменти билдирди.

Маалыматка караганда маймыл чечек оорусунун өлкөгө киришин болтурбоо максатында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Ага ылайык, аэропорттордо, темир жол станцияларында жана чек ара постторунда санитардык-карантиндик чаралар күчөтүлүп, маймыл чечек оорусу катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга өзгөчө көңүл бурулууда.

"Учурда санитардык-карантиндик пункттар адамдардын дене табын өлчөө үчүн тепловизор жана байланышсыз термометрлер менен жабдылган. Мындан сырткары, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу иштери жүрүүдө. Жугуштуу оорунун инкубациялык убактысы 14 күндөн 20 күнгө чейин созула тургандыктан, дайыма коркунуч бар. Ошондой эле туристтер же эс алууга барып келген жарандар ооруну алып жүрүүчү болуп калышы мүмкүн. Мындан улам мамлекет тарабынан оорунун келип чыгышын алдын алуу үчүн чаралар көрүлүп жатат",-деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле эпидемиолог департаментте акысыз анализдер, ПЧР-тесттер жасаларын айтты.

“Оору катталган мамлекеттерден Кыргызстанга келүүнү каалаган туристтер өлкөсүнөн чыгаар алдында скринингден өтүп, зарыл болгон учурларда медициналык жардамдарды алуусу керек. Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок. Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде маймыл чечек оорусун жуктурган учурлар катталган жок”, - деп айтылат маалыматта.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости