www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Филиппинде маймыл чечек вирусунун биринчи учуру аныкталганын өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргенин «РИА Новости» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Филиппиндик бир адамдан өткөн жылдын декабрь айында M pox вирусу аныкталган. Дарыгерлердин жардамы менен бейтап таза айыгып чыккан.

Бейтапта маймыл чечек вирусунун белгилери пайда болгондо температурасы көтөрүлүп, төрт күндөн кийин денесин исиркектер каптаган. Вирустун белгилери байкалганда бейтапты изоляцияга алып дарылашкан. Андан бери дарыгерлерге андай илдет менен эч ким кайрылган эмес.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Өзгөчө кырдаалдар комитети M-pox вирусуна байланыштуу кырдаал эл аралык маанидеги коомдук саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал болуп саналат деген консультациялык корутундусун чыгарды.

Африка Биримдиги ошондой эле Африка өлкөлөрүндө тездик менен жайылып жаткан M-pox вирусуна каршы континент боюнча саламаттыкты сактоо боюнча өзгөчө кырдаал жарыялады.

М чечектин вирусу чычкан жана тыйын чычкан сыяктуу кемирүүчүлөрдөн же оорулуу адамдардан жугат.

Вирустан улам пайда болгон денедеги исиркектерге тийген кийим, шейшеп, сүлгүлөр аркылуу инфекция тарайт.

Биринчи симптомдор вирус жуккандан кийин 5-21 күндүн ичинде пайда байкалат. Вирус көбүнчө жогорку температураны, баш ооруну, белди жана булчуңдарды оорутууну, лимфа бездерин шишитип, чарчоону, чыйрыгууну жана суу чечекке окшош териде ыйлаакчаларды пайда кылат.

Маймыл чечги вирусун конкреттүү дарылоо ыкмасы жок. Ошондуктан ооруну вируска каршы дарылар менен дарылайт.

Последние новости