www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей эки күндүк сапары менен 17-июнда Москвага барат. Анда беларус бийлиги камакка алган оппозициячыл активист Роман Протасевичтин сүйлөшкөн кызы, орус жараны София Сапеганын маселеси тууралуу сөз болоору күтүлүп жатат.

Буга чейин орус бийлиги беларус тышкы иштер министрин Сапеганын ишин талкуулооо үчүн Москвага чакырганын маалымдаган. Лавров менен Макей бул маселени 18-июндагы жолугушуусунда талкуулаганы турушат.

Литвада баш калкалап келген активист Роман Протасевич 23-майда сүйлөшкөн кызы София Сапега менен чогуу "Ryanair" авиакомпаниясынын учагы менен Афиныдан Вилньюска учуп чыккан. Бирок бул учак Беларустан Литванын аба мейкиндигине кирерге аз калганда "бортто бомба бар" деген шылтоо менен аскердик учактын коштоосунда күчтөп Минскиге кондурулган жана борттогу Протасевич менен Сапега камакка алынган. Беларус бийлигинин бул кадамы Евробиримдик сыяктуу эл аралык уюмдардын кескин сынына кабылган.

Укук коргоочулардын айтымында, беларус бийлиги 23 жаштагы Сапегага "массалык башаламандык уюштуруу" сыяктуу бир топ айыптарды тагып жатат. 

Тышкы иштер министр Владимир Макей май айындагы интервьюларынын биринде Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко Сапегага ырайым бериши мүмкүндүгүн же Орусияга өткөрүп бериши ыктымалдыгын айткан.

Беларустагы былтыр август айындагы талаштуу президенттик шайлоодон бери демократиячыл жүрүштөр уланууда. Москва бул маселеде Лукашенконун режимин колдоп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости