www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегорго сексуалдык зордук-зомбулук көрсөттү деген шек менен иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка караганда, зордуктоо Дублиндеги сыра ичүүчү жайлардын бириндеги унаа токтоотуучу жайда болгон. Жабырлануучу 20 жаштагы кыз. Ал мушкерге каршы арыз жазган-жазбаганы белгисиз, бирок окуянын күбөлөрү көрсөтмө беришкен.
Азыркы тапта Макгрегорго полиция расмий айып кое элек жана ал сурак бере элек.
Ошол эле убакта, мушкердин өкүлдөрү айыптоолор катардагы ушак деп билдиришти.
“Конор көп учурда ушактардын предмети болуп калат. Ал сексуалдык зордук-зомбулук көрсөттү деген айыптоолорду четке какты”, - дейт мушкердин өкүлү.
Ушул жылы сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөн деп Макрегорго экинчи жолу айып коюлууда. Бирок, экөөндө тең кылмыш иши козголгон эмес.
Булак: NazarNews.kg