www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова Бишкектин абасын булгаган кандай өндүрүштөр бар экенине кызыкты.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов абанын булганышы боюнча 2020-жылы 40 пункттан турган иш-чара иштелип чыкканын айтты. 

"Күн жылып калса деле булганычтар көрсөтүлүп жатат деген суроо бар. Ошол себептен 4 сезон биргеликте камтылып, анализ жүргүзүлөт. Абанын булганышы биринчи автотранспорт, ЖЭБ, жеке менчик мончолор себеп болууда деп жатабыз", - дейт Шерипов.

Мавлянова: "Өзүмдүн байкашым боюнча, Кант цемент заводу болуш керек деп ойлоп жатам. Бишкек шаарын, ал жактагы айылдарды түтүн каптап кетет экен. Ошондой факт болсо фильтрлерди коюп, абаны булгоону токтотууну талап кылуу керек. Бизге ал завод керек, бирок элдин ден соолугуна кам көрүшүбүз зарыл", - деди.
Булак: NazarNews.org

Последние новости