www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын президенти Эммануэль Макрон жекшемби күнү АКШ президенти Жо Байден жана Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, тараптар Украинанын айланасындагы кырдаалды жана Орусияга каршы санкцияларды талкуулашканын Елисей сарайы билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
"Эки мамлекеттин башчылары Орусияга каршы киргизилген санкцияларды күчөтүүнү, Украинаны колдоону жана согуштук аракеттерди токтотуу үчүн бардык пайдалуу демилгелерди чогуу көтөрүүнү макулдашты. Алар бул маселе боюнча тыгыз байланышта болушат", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, Макрон Байден менен сүйлөшүү учурунда журналист Брент Ренодун Украинада каза болушуна байланыштуу көңүл айтты.
Зеленский Макронго Украинадагы абал тууралуу маалымат берип, француз лидери Киевди толук колдоорун билдирди жана Евробиримдиктин Версальдагы саммитинин жыйынтыгы боюнча макулдашылган жардам тууралуу баяндады.
"Эки мамлекеттин башчылары Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүн улантуу маселесин талкуулашты. Жакынкы күндөрү координациялоону улантат", — деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg