www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франция президенти Эмманюэль Макрон Европа коопсуздугунун жаңы чакырыктарына жооп катары өзүнүн ядролук арсеналын күчөтүү боюнча планын жарыялады. Анын планы – француз “ядролук чатырын” бүт континентке жайылтуу. Бирок дүйнөлүк эксперттер Франциянын чакан арсеналы АКШнын алп “ядролук коргоо чатырын” толук алмаштыра албай турганын айтышууда.
Le Monde кабарлагандай, Европа жаңы геосаясий шартта өз ядролук стратегиясын түзүшү зарыл. Бирок Макрондун демилгеси АКШнын ролун кайталай албайт. Болгону концептуалдык жана институттук негиз түзөт.
Financial Times: Франциянын ядролук активдерин Германияга жана башка өлкөлөргө жайылтуу аракеттери кескин өзгөрүү деп баалады. Бирок саясий өзгөрүүлөр жана техникалык чектөөлөр чоң ядролук күчтөрдү толук алмаштырууга жол бербейт.
The New York Times: Макрон Европа үчүн “ядролук сдерживание” күчтөрүн түзүүнү көздөсө да, Европа АКШнын кепилдигин толук алмаштыра албайт.
Der Spiegel: Президенттин сөзү Европа стратегиялык автономияга умтулуп жатканын көрсөттү. Бирок француз кол чатыры чектелген жана чакан көлөмдө гана ишке ашат.
Арийне, Макрондун демилгеси Европа үчүн символдук мааниге ээ. Бул болгону континенттеги коркунучтарга жооп катары стратегиялык кадам катары бааланат. Демек, АКШнын ядролук кепилдиктеринин ордун толук басуу мүмкүн эмес. Европа дагы деле Вашингтондун колдоосуна көз каранды.
Булак: NazarNews