www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Киевге жеке сапарын уюштуруу ниетин билдирди. Бул тууралуу өлкө лидери француздук Le Figaro гезитине берген маегинде айтты.
«Бүгүн мен эч нерсени жокко чыгарбайм», - деди саясатчы журналисттердин жакынкы келечекте Украинанын борборуна барабы же жокпу деген суроосуна.
Кошумчалай кетсек, Макрондун айтымында, Франция Украинага каржылык жана аскердик колдоону көбөйтүүгө даяр.
Белгилей кетсек, буга чейин француз лидери Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүдө Украинанын Евробиримдикке мүчөлүк арызын ассоциацияга мүчө өлкөлөрдүн саммитинде июнь айында кароону убада кылган.
Макрондун айтымында, Киев жакында «Европа үй-бүлөсүнө кирет».
Белгилүү болгондой, Украина тиешелүү арызды Орусия өлкө аймагында атайын аскердик операция баштагандан төрт күндөн кийин берген.
Булак: NazarNews.kg