www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франция президенти Эммануэль Макрон Орусиянын беделин түшүрүп кемсинте бербеш керектигин, ал мамлекет менен кызматташууга да мезгил келерин кошумчалады. Бул туурасында РИА Новости анын Ouest France басылмасына берген маегине таянып жазды.

«Орусияны кемсинте бербеш керек, согуш аяктаган күн да келет, ошол учурда биз дипломатия жолу менен аларга (Орусия – ред.) чыккандай болушубуз керек», — деген Макрон.

Франция лидери маекте Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөндүгүн жашырбай тургандыгын айткан. Андан сырткары, Украинанын азыркы башчысы Владимир Зеленскийдин өтүнүчүн аткаруу үчүн Орусия лидери менен байланышкандыгын кошумчалаган.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости