www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Франция менен Европага чоң кооптуулук жаратууда. Мындай билдирүүнү Франция президенти Эммануэль Макрон жасаганын РИА Новости жазды.

Өлкө башчынын Елисей сарайындагы сөзүн BFMTV телеканалы көрсөткөн.

"Россиялык агрессиянын чеги жок. Франция менен Европа үчүн чоң кооптуулукка айланды, бул эми көп жылдарга созулат", — деген Макрон.

Анын айтымында, Россия Европа үчүн абада, социалдык тармакта жана кибермейкиндикте кооптуу болуп келет. Президент муну менен бирге "Россия курал-жарагын жаңылап, күчтөнүп жатканын" белгиледи.

Макрон өз сөзүндө Франция аскердик бюджетин көбөйтүп, коргонууга кеткен каражатты кыйла жогорулатарын да билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, буга реформа жана чоң эрдик талап кылынат. Макрон бүтүндөй Евробиримдикти коргоо үчүн өзөктүк курал колдонуу мүмкүнчүлүгүн да талкуулоону сунуштаган.

Франция президентинин билдирүүсүнө ар кандай сын-пикирлер айтыла баштады. Мамлекеттик Думанын Калининграддан шайланган депутаты Александр Шендерюк-Жидков Шарль де Голль өлкөсүнүн көз карандысыздыгы үчүн иштеп чыккан өзөктүк бомба акылынан айныган мураскерлеринин колундагы оюнчукка айланарын билди болду бекен деп суроо салган.

Последние новости