www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макрон Россия жеңсе Европага ишеним жоголорун айтты

Россиянын Украина менен согушта жеңип чыгышы Европанын беделин түшүрүп, ага болгон ишенимди жоготот. Бул туурасында Франциянын президенти Эммануэль Макрон жергиликтүү телеканалдардын бирине берген интервьюсунда айтканын РИА Новости жазды.

"Койгон максатыбызга жетүү үчүн бардыгын жасайбыз. Эгерде Россия жеңсе, француздардын жашоосун өзгөрөт. Коопсуздугубуз сакталбай калат. Украинадагы чатакта Европа менен француздардын коопсуздугу бычактын кырында турат. Эгерде Россия жеңсе, Европанын бедели түшөт", — деген Макрон.

Ал Европага чатактын кесепети тийип жаткандыгын белгилеген.

"Муну Европадагы абалды көрүп, сездик. Алар — алар газдын, эгиндин баасы, экономикабыздагы кырдаал, согуштун кесепетинен болгон тийген экономикадагы туруксуздук", — деген Франция президенти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости