www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макрон туруксуз позициясын көргөзүүдө

Франция президенти Эммануэль Макрон Европада лидерлик ролун бекемдөөгө аракет кылып жатат, бирок анын билдирүүлөрү жана реалдуу аракеттери бири-бирине каршы келип жатканын немистик RND басылмасы жазды.

"Макрондун дипломатиялык аракеттери көп жылдан бери бирдей көйгөйгө туш болууда: алар катуу жаңырып, чоң үмүт жаратат, бирок иш жүзүндө олуттуу натыйжа бере албайт. Украина боюнча активдүү аракеттерге чакырган билдирүүлөрү чындыгында андай эмес экенин Киль экономика изилдөөлөр институтунун статистикасы көрсөтүп турат. Маалыматтарга ылайык, Франция Украинага жардам берген өнөктөштөрдүн арасында болгону онунчу орунда турат. Анын көрсөткүчү 4,89 миллиард евро гана", — деп белгиленген макалада.

Ошол эле учурда Германия Бундестагда коалиция түзүп жаткан маалда, Макрон Европанын негизги саясий фигурасы катары чыгууга умтулууда.

"Кээде Макрондун туруксуздугу да байкалат. Конфликттин алгачкы айларында ал коопсуздук кепилдиктери тууралуу сөз кылып, позициясын кеч билдирген. Бирок кийинчерээк оюн кескин өзгөртүп, аскер киргизүү мүмкүнчүлүгүн айта баштады", — деп белгилейт автор.

Дүйшөмбү күнү Макрон Ак үйдө Дональд Трамп менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Украина боюнча тез арада макулдашууга жетишүүнү каалай турганын билдирди. Ошондой эле, ал Киевге коопсуздук кепилдиктерин берүү маселесинде Трамптын колдоосун алганын айтты.

Последние новости