www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Максат Мамытканов:

Кыргызстанда алдыдагы президенттик шайлоого көз салуу максатында 20 мамлекеттен 315 байкоочу катталды.

6-январда байкоочуларды каттоо аяктады. Бул тууралуу президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектеген вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.

Анын айтымында, 38 ар кандай уюмдардын өкүлдөрү да шайлоого байкоо жүргүзүш үчүн каттоодон өттү.

--«Биздин шайлоону абдан кунт коюп карап, баамдайлы деп атышат. Биз президенттик шайлоо менен катар башкаруу системасын өзгөртүү боюнча референдум өткөрүп атабыз да. Ошон үчүн биз кайсы жолду тандайбыз, баары аябай карап турушат», - деди Мамытканов.

«Эксперттер талдайт» программасы алдыдагы президенттик шайлоого карата даярдыкты талкуулады. Анын айрым катышуучулары үгүт жүргүзүүдө мыйзам бузулуп, талапкерлер шайлоо башталбай жатып психологиялык жактан жеңилгендей абалда калганын жана өздөрүн көрсөтө албай жатканын айтышты.

Мындай пикирлерге вице-премьер Максат Мамытканов өкмөт тараптан талапкерлерге бут тосуу жок экенин билдирип, шайлоо таза, калыс өткөрүлөт деген убада аткарылат деп жооп кайтарды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости