www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын баш калаасы Вашингтондогу окуялар боюнча шайланган президент ДЖо Байден билдирүү таратты. Өзү жашаган Уилмингтон шаарынан тараткан видео кайрылуусунда Байден АКШдагы демократияга болуп көрбөгөндөй чабуул коюлганын билдирди.
Шайланган президент «бул жөн эле макул болбой коюу эмес, бул башаламандык, хаос» деди.
Ал ошондой эле президент Дональд Трампка кайрылып, теле аркылуу тарапташтарын тынчытууга чакырды.
Ал эми окуялар учурунда Капитолийде Конгресстин кошмо жыйынына катышып жаткан вице-президент Майк Пенс болсо «Твиттердеги» баракчасында мыйзамсыз көрүнүштү тезинен токтотууга чакырып, ага катышкандар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартыларына убада берди.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg