www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү куудулдар Рахман Разыков жана Абдылда Иманкулов «Оңолмок элек биз качан, ортодо турса үч пахан?» деп аталган тамаша шоу-концертинен кийин УКМКнын Ош шаардык башкармалыгына чакырылды. Бул тууралуу куудул Рахман Разыков билдиргенин «Азаттык» жазды.
Билдирүүгө ылайык, УКМК куудулдарды концерт өткөн күндүн эртеси чакырып, «Үч пахан» деп аталган интермедияны сценарийден алып салууну талап кылган.
Белгилей кетсек, куудулдар Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов жана Нарынбек Молдобаев аткарган «Үч пахан» аттуу интермедияда Кыргызстандагы алдыдагы президенттик шайлоо тамашага салынган. Анда абакта отурган үч кишинин президенттик кызматка ким татыктуу экени тууралуу талашып-тартышканы чагылдырылат.
Өз кезегинде Рахман Разыков учурда бул концерттик программа менен Жалал-Абадда жүргөнүн билдирген.
Ал эми УКМК куудулдарды эмне себептен чакырганы тууралуу расмий билдирүү бере элек.
Эске салсак, буга чейин куудулдар Рахман Разыков жана Абдылда Иманкулов Ош шаарында өтчү концертинин жарнамасын Ош ТВ телеканалы эфирге бербей жатканын айткан болчу.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg