www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куудулдарга саясий кысым көрсөтүлүп жатабы?

Белгилүү куудулдар Рахман Разыков менен Абдылда Иманкуловтор Ош шаарында өтчү концертинин жарнамасын Ош ТВ телеканалы эфирге бербей жатканына нааразы болушууда.

Ошондой эле алар мунун саясий кысым деп сыпатташууда.

Алардын айтымында, буга чейин мындай саясий кысымдар болгон эмес. Бирок, азыркы бийлик административдик ресурсту колдонуп, бул бийликти сындаган шоу-программалардын жарнамасы эфирге берилбей жатат.

Өз кезегинде, Ош тв телеканалынын жетекчилиги эч кандай саясий кысым жок экенин жана алар эл көп көргөн саатты сурап жатышканын билдирди.

Белгилей кетсек, куудулдардын жаңы чыгармасы «Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан» деп аталат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости