www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Белгилей кетсек, Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институту Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана башка аскер түзүмдөрү үчүн офицердик кадрларды даярдоодо мамлекеттик тапшырыкты аткарган Кыргыз Республикасынын жогорку аскер кесиптик билимин берүүчү мамлекеттик билим берүү мекемеси болуп саналат.
Вице-премьер-министр окуу жайынын иши, окуу кабинеттери менен таанышып, институттун ишмердүүлүгү жана тарыхы боюнча маалыматты угуп, анын негизги өнүгүү багыттарына кеңири токтолду.
Максат Мамытканов белгилегендей, аскер институтунун курсанттарына чоң жоопкерчилик жүктөлгөн.
«Силер – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн келечектеги офицерисиңер. Аскер институтун аяктаган соң, алган билимиңерди өлкөнүн куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүгө жана коргонуу мүмкүндүгүн чыңдоого багыттаарыңарга ишенем», - деп билдирди вице-премьер-министр.
Мындан тышкары, таанышуу учурунда институттун аймагындагы оңдоо иштерине, окуу-усулдук адабияттарды жаңыртууга, анын ичинде окуу процессин уюштуруу үчүн автоматташтырылган техникалык каражаттарды алууга байланыштуу көйгөйлөр айтылды.
Жыйынтыгында вице-премьер-министр Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетке көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди жана көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Булак: NazarNews.kg