www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Максат Мамытканов:

Бүгүн, 8-январда вице-премьер-министр Максат Мамытканов Жетим-Тоо боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анда Өкмөт  элдин мүлкүн эч кимге сатпай тургандыгын, акыркы убакта шайлоо алдында атайын каралоо жүрүп жатканын айтты.

«Жетим-Тоо жалпы элдин байлыгы, жеке Өкмөттүн байлыгы эмес. Аны эч ким саткан жок. Биз «кантип кенди иштетип, кантип жаңы жумуш орундарын түзүп, кантип экономиканы көтөрөбүз» деп пландарды түзүп жатабыз. Жетим-Тоону да өзүбүз иштетүүнү пландап жатабыз. Кыргыз элине таандык болгон баардык кен байлыктарды жаңыча ишке киргизебиз. Мурункудай аукцион кылып ит бекер сатпайбыз. Кыргыз өкмөтү өзүбүздүн кыргыз элине таандык болгон компанияны түзүп, өзбүз иштетип, пайдасын кыргыз элине тийгизели деген масатыбыз бар» , — деди Мамытканов.

Сөзүнүн аягында Жетим-Тоо боюнча Өкмөттү «чыккынчы» деп атабоого чакырды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости