www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп Вашингтондо башаламандык уюштургандардын баары өз жазасын алаарын убада кылды. Анын видео кайрылуусу Твиттерге жарыяланган.

Ал 20-январда ишин баштай турган демократ Джо Байдендин жаңы администрациясына бийликти өткөрүп берем деп ишендирди.

«Менин максатым эми бийликтин үзгүлтүксүз жана ирээттүү өткөрүлүп берилишин камсыз кылуу. Урматтуу жарандар, сиздин президент болуп кызмат кылуу менин жашоомдун башкы сыймыгы болду. Азыр сиздердин көңүлүңүздөр чөгүп тургандыгын билем, бирок ошондой эле биздин улуу өнөктүк жаңыдан башталып жаткандыгын билишиңиздерди каалайм», - деди ал.

Капитолийди штурмалоо учурунда Трамп тарапташтарына кайрылуу жасады. Саясатчы митингчилерди үйүнө кетүүгө үндөдү. «Мен сенин азабыңды түшүнөм, жүрөгүңдү угам: шайлоо жыйынтыгы уурдалган. Бирок, силер азыр өлкөдө тынчтык орношу үчүн, бул жерден кетишиңер керек», - деди ал.

Эске салсак, 6-январда республикалык демонстранттар Капитолийдин имаратын басып алышып, Сенат залын курчап алышты. Өткөн шайлоонун жыйынтыгын бекитүү пландаштырылган жыйынды Сенат жана Өкүлдөр палатасы үзгүлтүккө учуратты.

Маалыматтарга ылайык, Байден президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Нааразылык акцияларынын жүрүшүндө төрт адам өлтүрүлүп, полиция 70ке жакын жаранды колго түшүрдү.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости