www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолдошун зордуктап, жаш жубайларды мууздаган үй-бүлө...

Түркияда бөлөсүнө турмушка чыгууга мажбур болгон кыз сүйүктүүсү менен үйүнөн качып кеткен. Кийинчерээк кыздын үй-бүлөсү жубайларды элдешүү тамагына чакырып, элдешүүнүн ордуна жигитти зордуктап, экөөнү тең өлтүрүп салышкан.

Түркиянын Байрамозу айылынын 24 жаштагы кызга бөлөсүнө турмушка чыгууну талап кылган туугандары тарабынан кысым көрсөтүлгөнү аныкталган. Бирок, нике кыйылаардан мурда кыз жигити менен качып кетүүгө үлгүргөн.

Жубайлар Байрамозу айылына жакын шаарга Жаңы жылдык кечеге келишкенде, кыздын үй-бүлөсү аларды элдешүү кечки тамагына келүүгө чакырышкан. Тил табышуунун ордуна, алар жаштарды бычактап өлтүрүшкөн, ал эми жигитти бычактоодон мурда үй бүлөнүн топ мырзалары зордукташкан. Жаштардан “өчүн алган” үй-бүлө алардын сөөгүн айылдын сыртына көмүп ташташкан.

Полиция аларды суракка чакыргандан кийин үй-бүлө мүчөлөрү сөөктөр кайда катылганын айтып, кылган иштерин мойнуна алышкан. Сөөктөр табылгандан кийин, аялдын атасы, агасы, кыз күйөөгө тийүүгө мажбур болгон бөлөсү жана дагы эки киши кылмыш ишине байланыштуу камакка алынган.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости