www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев Бишкек жылуулук борборундагы (ЖЭБ) кырсыкка туура эмес кадр саясаты себеп болгонун билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 6-февралдагы жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, 2023-жылы ЖЭБде үч жолу директор алмашкан.

“Анын баарын ким алып келгенин, ким коюп атканын баарыбыз эле жакшы билебиз. Кадр саясатында кимдин күчү күч болсо ошолордун кадрын койгондун кесепети. Бул бир гана ЖЭБде эмес ар бир министрликте бар”, - деди ал.

Быйыл 18-январда ЖЭБдин директору алмашып, Улан Сапаровдун ордуна Алпбек Садыров дайындалган.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияда дарыланууда.

Кырсыкты изилдөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлүп, аны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектеп жатат.

Башкы прокуратура окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, аны тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүп берди.

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал 812 миң кВт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60% жакынын тейлейт. Жалпысынан 15 отказан бар. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости