www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Апас Жумагулов деген премьер болгон, азыр алжып баратат окшойт. Совет учурунда да, Акаевдин учурунда да премьер болгон. Алжыбай эле жапжаш турган эгемендүү Кыргызстанды ПЕСАК менен талкалап, ваучер менен талагандын башында турган.

 

Вице-премьер Бекболот Талгарбеков

Вице-премьер Бекболот Талгарбеков Акаевдин учурунда ушул кызматка көрсөтүлгөн. Бирок, парламент аны колдомок түгүл, атын укканда жыланды көргөндөй зиркиреп турушчу. Анткени, СССР талкаланып, колхоз-совхоздор Москва бере турган дотациядан айрылышып, ит бекер келе турган бензин, техникалардын баасы асмандап кеткен. Бекерпоз партократтар ушунун барын Талгарбеков жасады деп, аны жамандай турган болсо ооздорунан көк түтүн чыгар эле. Талгарбеков унчукпай айыл чарбасында реформа кыла берди. Рынок заманына жаңы баш койгондо туйтунуп алышкан көпөс, буржуйлар четинен колхоз-солхоздорду сатып алышып, алиппедеги «А» тамгасын билбеген өзүнүн тааныштарын ушуларды башкарта баштады. Ушундай капчыктууларга каршы чыккан Вице-премьер Бекболот Талгарбеков колхоз-совхоздорду элдин колуна салып бериш үчүн жек көрүмдүү вице-премьерге айланган. Турмуш өзү жылып көп мезгилдер өткөн соң түшүнгөн адамдар Вице-премьер Бекболот Талгарбеков туура кылган экен деп калышты. Себеби ПЕСАК сыяктуу талкалап көпөс, буржуйлар чарбаларды сатып алып өз билгенинендей ойпоң-тойпоң кылганда кыргыз эли азыркыдан да отуруп калмак.

 

Вице-премьер Аида Исмаилова

Кыргызстандын канчалык таш-талканы чыгып таш доорун көздөй сүрүлгөнү менен жаштык инерциясы бар жаш толкундар деле бар. Элдин бары эле ач көздөнүп, акчанын аркасынан томолонуп кетишпейт. «Аш десе ашка тойбой, иш десе ишке тойбогон»  Вице-премьер Аида Исмаилова Жээнбековдун аз убакыт президенттиги убагындагы жылдыздай жанып турган инсан. Жээнбеков да жаштарга, өлкөнүн өнүгүүсүнө басым койо баштаганы ушундан көрүнүп турат. Бийлик алмашкан соң жок жерден мунун ордун Сурабалдиева басып алган. Бирок ал деле көп иштей алган жок. Ал эми азыркы бийлик да Аида Исмаилованын эл үчүн иштеп жатканын сезип Түштүк Кореяга элчи кылып жиберген. Буга чейин Түштүк Кореяга элчи болгондор Кылычбек Султан сыяктуу «кара пиар» менен алек болуп, Динара Кемелова жана андан мурунку элчилердей болуп «чартаңбай» тээп, бул жерди өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланган жок. Бир гана нерсени баса белгилей кетели, азыр Кыргызстандык кыздарыбыз Аида Исмаилованын колдоосу менен Түштүк Кореяда болуп өткөн шайлоолордо жеңип чыгып депутат болуп калышты. Аида Исмаилова элчи болуп турса балким дагы депутаттар көбөйүп Түштүк Кореянын парламенттине чейин кирип барарыбыз ажеп эмес. Кореецтер деле биздин парламентте жүрүшпөйбү, «мурдун балта кеспей». «Аз иштейт, бирок саз иштейт» деп коюшат, Аида Исмаилова көп иштейт, көбүнүн бары «саз» же мыкты. Түштүк Кореяда жүрө бербей аны кайра вице-премьерликке алып келсе, экономикабыздын өсүшүнө шарт түзүлмөк.

 

«Вице-премьер» Эдил Байсалов

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Иш күндүн кечи" программасында Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн бизнесине байланышкан журналисттик иликтөөгө комментарий берди. Ал дагы бир жолу Ташиевди каралап чыкты. Ташиевке тийишкендер министр Бейшеналиев Алымкадыр сыяктуу СИЗОдо алым-сабак айтып жатышат. Буга чейин Темиров Live редакциясынын журналисттери Камчыбек Ташиевдин мунай бизнеси тууралуу иликтөө жасаган. Иликтөөдө Ташиевдин баласынын компаниясы көпчүлүк учурда тендерден утуп чыгары айтылган.

Байсалов бул окуяга кыпчылып: "Бул манипуляция. Эми эле тендерден ута башташты деп жатышат. Камчыбек Ташиев бензинди цистерна менен жолдун боюнда туруп сата баштаган. Кийин Жалал-Абадда май куюучу станциялардын тармагы менен иштеп чоң бизнесменге айланды. Ал өзүн-өзү жараткан адам. Ал ишкерликтен баштап саясатка чейин өзүн көрсөтө алды. Ал Акаевдин убагында эле бензин сата баштаган", - деп жар салды.

 

Вице-премьер Эркин Асрандиев

Айына миллион сом алган адам кантип вице-премьердин 43 миң сомдук жарыбаган айлыгына келсин. Бул өзү жомок. Дагы бир жомок кыргыз эли үчүн ушундай заманда Эркин Асрандиев сыяктуу миллион сом алгандар да барбы? Ал кездеги өкмөт башчысы Абылгазиевдин жакын туугандары үчүн мындай акчалар кеп беле. Алар 10 миң евро, миллион сомдук орундарда иштеп келгенин дудуктан башкасы билет. Бул тууралуу маалымат беттеринде кенен жазылып келген. Ошол эле экс- премьер-министр Абылгазиев: “Бабанов элге 25 миң сомго орточо  айлыкты көбөйтөм деген. Мен орточо айлыкты 26 миң сомго көтөрөм” деп дардаңдап жиберген. Орточо айлык эмгиче көтөрүлө элек, 5 миң сом айлыкты бир айга чоюп жеткизип жашап жаткандарды көргөндө, элдин бары Абылгазиевдин туугандарына окшоп миллион сомдон айлык алсак, Кыргызстанда жашоо жакшы болот эле деп үшкүрүнүшөт. Миллион сомду койолу инфляцияга карап Абылгазиев өзү айтып жаткан 26 миң сомго айлыктарды көтөрүп кетсе болмок.

Эркин Асрандиев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун 2017-жылдан бери Атамбаевдин амири менен башкарган. Колу ачык, март  Эркин Асрандиев 2016-жылдан баштап Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду кайсап келген. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду соодага эмес, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн аракет кылыш керек. Бирок, Атамбаевдик май-талканга ээ болгон Эркин Асрандиев мыйзам боюнча тыюу салынган соода-сатыкка да акчаларды бөлүп жиберет. Бир гана мисалды айтсак ал 2017-жылы Өмүрбек Бабанов соода-сатыкты өркүндөтүш үчүн “Азиямолл” супермаркетине 17 миллион долларды берип жиберген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости