www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өз кызыкчылыгы үчүн кыргыз мамлекетинин жерин саткандарга "срок давности" болбош керек", - деди бүгүн, 21-январда, NazarNews маалымат агенттигине Баткендин экс-губернатору Мамат Айбалаев.

- Мамат-агай, “Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен. Кылмыш ишин козгоо мыйзамсыз” деген оюн Текебаев кыйытты. Бирок коомчулукта жерди башка мамлекетке бергендерге кечирим болбошу керек деген пикирдегилер да арбын. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Кыргыз жерин баалабаган, Кыргыз мамлекетинин жерин, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн саткандарга "срок давности" болбош керек. Акыркы 30 жылда кыргыз элин сыйлаган, кыргызды баалаган жетекчи болгон жок. Ошон үчүн ушул абалга жеттик.

Жерибиз Кытайга, Тажикстанга жана Казакстанга сатылды. Саткандар канча актанса да алардын ким экенин билебиз. Ошон үчүн жоопкерчиликтен кутулуш үчүн түрдүү амалдарды жасашпай эле койсун.

- Бирок “азыркы бийлик Адахан Мадумаровдун оозун жабуу үчүн аны суракка алып жатат" деп жатышат го?

- Азыркы бийликтин аракетин мен мамлекетибизде мыйзам, Конституция иштесин, кыргыз коомунда мыйзамдын үстөмдүгү орун алсын деген максатта иш кылып жатат деп түшүнүп жатам.  Бузукулар болсо элдин башын чаргытып, жооптуу адамдарды эптеп жоопкерчиликтен качыруу, куткаруу үчүн далалат жасап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости