www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Тажикстан менен чектеш баткен, лейлек райондору өтө кооптуу абалда турат” Шайлоо шайлоосу менен, алыскы Баткен, Лейлек райондору коңшу Тажикстан менен чектеш эмеспи. Биз чек арага жакын райондорду унутуп калбашыбыз керек. Ошондон улам: “Кыргыз-тажик чек арасы кооптуу эмеспи? Эки тараптан келишпестиктер байкалууда...
- Алдын ала кандай чараларды көрсөк болот?”
- Чек ара көйгөйү Баткен менен Лейлек районунда өтө кооптуу. Себеби, СССР тушунан тартып эле эки маселе: жер жана суу көйгөйү болгон. Ошондуктан аны чечүү эки-үч вариантка барып такалат.
Биринчи вариантын бийлик коомго жар салып, “Ворухту алмаштырабыз” деди. Бир эле Ворухту эмес, бери жакта 5 миң адамы бар тажиктердин Мачаи айылы бар, кыргыздардын Үч-Дөбө менен Ортобоз айылдарынын жанында жайгашкан. Андан сырткары, Көк-Таш айылында көчөнүн аркы бети тажиктер, берки бети кыргыздар жашайт.
Тажикстанда кыргыздар жыш жашаган Жерге-Тал жана Мургаб райондору. Андагы жашаган кыргыздардын 50 пайыздайы Чүй бооруна көчүп келип алган. Тажиктерди айтыш керек, “кыргыздарды кууп чыгып жатасыңар” деп.
Экинчи вариант: Тажикстанда Ленинадаб облусунда мен губернатор болуп турганда 17 айыл бар болчу. Ошону алмаштыруу вариантын караш керек. Антпесе, жыл өткөн сайын тажиктердин саны көбөйүп атат. Азыр 10 миллиондон ашты. А биз 6 миллиондун аржак-бержагыбыз. Өзгөчө Баткен менен Лейлекте миграция болуп, элдин көпчүлүгү Чүйгө, Бишкекке көчүп келишүүдө.
Ошондуктан а жерге жумуш орундарын түзүү зарыл. Бош жаткан жерлерди өздөштүрүп, бир ишкерге бир гектардан берип, Лейлек районунун санын (эгерде бүгүн 250 миң болсо) 400-450 миң кишиге жеткирсе болот. А Баткен районунда учурда 90 миңге жакын эл жашайт.
Анын санын эч болбосо 150-170 миңге чамалатсак. Ошондо гана туруктуулук менен тажиктерге каршы тура алабыз. Эң негизи, чек араны бекемдеп жабуу абзел. Себеби, ал жерде эл аз болгондуктан, коңшу мамлекет бизге күндө кооптуу абал жаратууда.
Негизинен, тажик эли өз алдынча республика болуп жакында пайда болушту. Мурун Кокон хандыгы, андан кийин өзбектер башкарып турду. 15 союздук республика болуп, чек ара бөлө баштаганда биздин Жерге-Тал, Мургаб райондору, андан сырткары Ленинабад облустары Тажикстанда калып калды. Өз учурунда биздин “азаматтар” мындай нерсени эске алышпай, алешемдик кылып коюшкан.
Булак: Азия News гезити