www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен областынын экс-губернатору Мамат Айбалаев, “Жака-Өрүк аймагы Кыргызстанга гана таандык!” деп "Майдан.kg" гезитине маек курган.
Саясат - кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия күнү-түнү иштеп, маселени чечиши керек. Бийлик көзөмөл кылбагандыктан көптөгөн кыргыздар жерлерин тажиктерге сатып, башка жакка көчүп кетүүдө. Бирок жерлер сатылып алынганы менен Кыргызстандын аймагы. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн шалаакылыгынан улам ушундай жагдай жаралууда. Бул маселеге 28 жылдан бери жетиштүү көңүл бурбай келебиз.
Ал тез арада чечилбесе, кырдаал курчуп кетиши ыктымал. Чек арада турган кызматкерлердин моралдык, психологиялык абалына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ок эмне себептен атылып жатканын түшүнүп, иликтөө иштери жүрүшү керек. Дарыянын сайы толугу менен кыргыздын жери эле. Ал эми тажиктердин Мачайи деген айылында эч кандай үй жок болчу. Мен губернатор болгондо тажиктер Исфана-Ворух жолу менен Баткен-Лейлек жолунун кесилишине Самаркандек айыл өкмөтүнүн жетекчисинен оозеки түрдө уруксат алып, май куйуучу жай курган экен. Бирок эч кандай документке кол коюлган эмес.
2009-жылы Баткен Лейлек жолу салынып жатканда тажиктер чыр салган. Ошондо “тажиктин жери” деп документке ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Тажик тарап 700 метрдей жерге үй салып алышты, деген Мамат Айбалаев "Майдан.kg" гезитине берген маегинде.
Булак: NazarNews.kg