www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда болуп жаткан окуялар Атамбаевдин төбө чачын тик тургузуп жатыптыр. Эми ойгонгон  Атамбаевдин бул жерде стабилдүүлүк орнорууна ишеними чоң экен. Анын айтуусунда азыркы бийлик анын тарапташтары менен күрөшүүнү токтотуп, өлкөнүн коопсуздугу боюнча түзүлүп жаткан курч кырдаалдарды тез аранын ичинде чечиш керек экен. Бул тууралуу Facebook социалдык тармактарына уулу Кадырбек Атамбаевден айттырып жиберген.

Атамбаевдин айткандары туура, бирок эмнеге өзү президент болуп турганда Баткен губернатору болуп туруп 104 гектар жерди суроо-сопкуту жок Тажикстанга берип салган Аскар Шадиевдин маңдайынан сылап, вице-премьер кылып алды? Ошондо эле Шадиевдин куйругун толгоп, бул жер тууралуу маселени чечип койсо, бул чыр-чатак болмок эмес. СИЗОдогу Атамбаев го минтип айтты, эл аралык көйгөйлөрдү чечип жүрүп, өкмөт башына келген, азбы, көпбү, учурунда бул маселени чечүүгө кудурети болуп туруп, муну чечпей “капчык” маселесин чечип жүргөн Сапар Исаков эмне дээр экен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости