www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кээ бир мугалимдердин айлыгы кайрадан төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда, депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Эл өкүлү Министрлер кабинетине мектептерде сааттарды белуштуруу саясатын карап чыгууну сунуш кылды.
«Мугалимдердин айлыгын 80 пайызга көтөрдүк. 18 миңи алчуулар 35 миң сомдон ала башташты. Бирок акыркы убакта кээ бир мугалимдердин айлыгы азайып кетти, анткени алардын айлыгы кыскарды, сааттары кыскарды. Класс жетекчилер бир гана класс менен иштей алат, алар КТУга акча төлөшпөйт, ар кимге дептер текшерүүгө болбойт. Натыйжада айлык акы 22-23 миң сомдун тегерегинде. Бул туура эмес. Биз бардык тарифтерди кайра карап чыгышыбыз керек. Ошондой эле, азыр жаш кадрлар жумушка орношо албайт экен, анткени чектөөлөр бар», - дейт Марлен Маматалиев.
Ал ошондой эле мектеп директорлорун сынак аркылуу тандоо коррупцияга айланып кеткенин белгиледи.
«Ноокат районунун Чечме-Сай айылына сынактан өтпөй калган директор дайындалды. Мындай аракеттер менен жакшы көрсөткүчтөрдү бузуп жатабыз», - деди эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg