www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамбет Мамакеев: “Тунгуч президентибиздин Кыргызстанга кайтып келчү мезгили бышып жетти”, деп "Жаңы Ордо" гезитине маек курган.
-Тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин эркин кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө эмгеги зор. Олуттуу бир пикирди эске сала кетейин. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын 50 жылдык мааракесине (1993-ж.) КМШ өлкөлөрүнүн ири окумуштуулары келишкен.
Украина илимдер академиясынын президенти, Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Борис Патон ошондо мага айтты эле:
«Мен көптөгөн мамлекеттердин президенттери менен жолуккам, баарлашкам. Албетте, алар чыгаан инсандар. Бирок кыргыз өлкөсүнүн президенти Аскар Акаев өзүнүн жогорку интеллекти, кенен ой жүгүртүүсү, көрөгөчтүгү менен айырмаланып турат. Оор мезгилде ушундай лидерди тандап алган кыргыз эли бактылуу» деп. Легендарлуу академик мындай бааны жөн жерден бербесе керек. Өзүм ишиме байланыштуу ар айда ондогон, жүздөгөн адамдар менен сүйлөшөм. Көбү региондордон келишкен бейтап кишилер. Кокустан жогорку бийлик жөнүндө сөз болсо, алардын токсон пайыздан ашыгы Аскар Акаевди жактыра турганын байкадым. Элибиз анын эмгегин унутпайт, баалашат.
Албетте, Акаев да кемчиликтерди кетирди. Ким кемчилик кетирбейт? Бирок аларды көбүртүп-жабыртып, далай нерсени ушак деңгээлине көтөрүп, алигиче каралап жүргөндөр бар. Тилекке жараша, алар өтө эле аз. Аскар Акаевдин бийликти бир тамчы кан төктүрбөй өткөрүп бөргенине жакында он беш жыл толот.
Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жаңы, элди ынтымакка, биримдикке багыттаган саясатынын алкагында өлкөнүн тунгуч президентинин Кыргызстанга кайтып келчү мезгили бышып жетти. Аскар Акаевди 75 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм жана ага жакшылык каалайм, деген Мамбет Мамакеев "Жаңы Ордо" гезитине берген маегигнде.
Булак: NazarNews.kg