www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-майда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Япониянын элчиси Хирано Рюити мырза менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Аталган министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана жаштар саясаты багытындагы кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашып, биргелешкен маданий жана гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегине өзгөчө көңүл бурушту.
Тактап айтканда, музей тармагын өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо жана эки өлкөнүн чыгармачыл, маданий мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды. Ошондой эле санариптик маданий долбоорлорду, көргөзмөлөрдү жана жаштарга багытталган инновациялык программаларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун алкагында министр Мирбек Мамбеталиев жапон тарапты 2026-жылы Кыргыз Республикасында өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырды. Белгиленгендей, аталган ири эл аралык иш-чара эки өлкөнүн маданий жана гуманитардык байланыштарын мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-япон маданий-гуманитардык кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экенин ырасташты. Ошондой эле келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, маданий алмашууну активдештирүү жана жаштардын катышуусун кеңейтүү боюнча тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.