www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Депутат кантип жооп кайтарса анын өз эрки», - деди бүгүн, 22-апрелде NazarNews маалымат агенттигине мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов.

- Мамбетжунус ага, 7-чакырылыштын депутаттарынын деңгээли, дээри байкалып калдыбы?

- Депутаттарды эл шайлады. Депутаттарды сындоо, элди сындаган болуп калат. Ошон үчүн дээри, деңгээли жөнүндө сөз кылбай эле коёюн.

- Айрымдар депутат Улан Бакасовдун кагазга жазып алып каяша кайрыганын айрымдар сындап жатышат. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Депутат кантип жооп кайтарса анын өз эрки. Ал үчүн аны күнөөлөбөш керек.

- Эмнеге Адахан Мадумаровдун сөздөрүнө көпчүлүк депутаттар теригип жатышат?

- Мадумаров кээде депутаттарды кемсинтип сүйлөп жатат. Буга каршы болгондор ага жооп катары анын өзүн сындап жатышат.

- Жогорку Кеңештин депутаты болгусу келген адам сөзсүз жогорку билимдүү болушу керекпи? Акыркы мезгилде депутаттардын жогорку билими талап кылынбашы керек дегендер да чыгып жатат го?

- Депутат - мыйзам жаза турган адам. Анын билими болбосо, кантип ал мыйзам жазат. Бийликте билимсиз адам болбош керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости