www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Орусиянын Новосибирск шаарында Тажикстандын жараны 17 жаштагы кызды бычактап салгандан кийин Мамлекеттик Думанын депутаттары Орусиядагы мигранттарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча мыйзам долбооруна сунуштарды даярдап жатышат. Бул тууралуу "Россия либералдык-демократиялык партиясынын" телеграмм каналына жарыяланды.

«Орусия меймандос өлкө, бирок бизге кылмыштуулуктун кереги жок! Ал эми эмгек ресурстарына болгон муктаждык мындай «коңгуроолорго» көз жумуп коюуга шылтоо боло албайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле партия өкүлдөрү Орусияда 3 айдан ашык жүргөн мигранттарды милдеттүү түрдө квартал сайын өздөрүнүн эсебинен наркологиялык текшерүүдөн өткөрүү маселесин талкуулоону сунуштап жатышат.

Буга чейин 26-июль күнү кечинде Новосибирск шаарында 17 жаштагы кыз өлтүрүлгөн. Аны өлтүрүүгө шектелип Тажикстандын жараны Хушнуд (мурда аты Роман экени маалымдалган) Хамроев кармалган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости