www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Володиндин айтымында, эми өлкө үчүн жоопкерчилик Жогорку Радага өтөт.

Жогорку Раданын бир нече депутаты Россия президентинин жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү демилгесин талкуулап жатат. Бул тууралуу РФтин Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин өзүнүн Telegram каналына жазды.

“Украиналык депутаттар өзүнүн жарандарын ойлоп, мамлекетти сактап калгысы келсе Путиндин сунушу тууралуу сүйлөшкөнү туура. Бизге парламенттеги булактарыбыздан келген маалымат боюнча, Жогорку Раданын депутаттарынын бир бөлүгү бул ишти баштаптыр”, — деди Володин.

Анын айтымында, украиналык депутаттар "маселени АКШ менен Евросоюз чечип берет" деп канчалык күткөн сайын “Вашингтон менен Брюсселге курал” болуп жаткан өлкөнүн жарандарынын саны азаят. Республиканын аймагы дагы кичиреет. Мамдуманын спикери Владимир Зеленскийдин мөөнөтү бүтөрү менен анын АКШ, Франция жана Германия башчылары колдогон демилгелери маанисин жоготоруна ишендирди.

“Депутаттар Украинанын президенти жок экенин, эми жоопкерчилик Жогорку Радага өтөрүн түшүнүшү керек. Мындай кырдаалда четте турган болбойт”, — деди Володин.

Владимир Путин кечээ өлкө ТИМинин жетекчилиги менен жолугушууда Киев менен сүйлөшүүнүн шарттарын атады. Анын айтымында, Москва дайым тынчтыкка умтулуп келген. Ал үчүн Украина аскерлерин Россиянын жаңы аймактарынан толук чыгарып, НАТОго кирбей турганын жарыялашы керек.

Президент Россия бүгүн дагы бир жолу тынчтыкка келүүнү сунуштап жатканын, Батыш менен Киев мындан баш тартса жоопкерчилик алардын мойнунда болорун айтты.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости