www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамкурулуштун башчысы Нуртазин Жетибаев мыйзамсыз курулган үйлөрдөгү батирлердин үчтөн бир бөлүгүн жакырларга берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, борбордо 37 объект мыйзамсыз курулган. Ал эми бардык мыйзам бузуулар документтерди берүү стадиясында башталат.
«Бирок бул үйлөрдө биздин адамдар жашап жатканы факт. Аларды бузууну чечсе, биздин жарандар гана жабыр тартат. Менин оюм: катуу көзөмөлгө алуу керек. Мен Бишкек Главархитектурага жана Мамлекеттик экспертиза департаментине эч кандай мыйзамсыз объектиге уруксат бербөөнү тапшырдым. Бул үчүн алар жеке жоопкерчилик тартышат. Тургундардын бир бөлүгү отурукташып калган объектилер үчүн турак жайдын жалпы аянтынын 30 пайызы муктаж бишкектиктерге берилиши керек. Ал жерде бузула турган объектилердин тизмеси бар. Аларды бузабыз», — деди Нуртазин Жетибаев.
Буга чейин Жетибаев республика боюнча 123 уруксатсыз курулуш объектилери катталганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg